Уйку качканда…
- 12.03.2020, 13:58,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Адамдын психологиялык жактан эс алуусунун эң жакшы жолу тынч уйку. Эртеден - кечке ызы-чуудан нерв системалары чарчайт. Аны эс алдыруу үчүн суткасына 7-8 саат тынч уйку керек. Уктап тургандан кийин адам кадимкидей эс алып, күндүзгү болгон терс көрүнүштөрдү унутат.
Уйку тынч болуш үчүн адегенде жаткан бөлмө салкын, таза, ыңгайлуу болушу шарт. Андан кийин кийип жата турган кийимдер пахтадан тигилген, денеге жагымдуу, ыңгайлуу болгону дурус.
Жатарда кофе, коюу чай ичүүнү адистер сунуштабайт. Уктар алдында жаман ойлордон арылып, жакшы нерселерди ойлоп жатсаңыз, бат уктайсыз. Эгер уктайын деп бирок уктай албай кыйналып жатсаңыз, анда өзүңүздү кыйнап уктабаңыз. Денени бош коюп, үч жолу терең дем алыш керек. Андан кийин көздү кол менен жаап, желкени акырын массаждоо зарыл.