Карантин талабын бузгандар обсервацияга жаткырылды
- 27.05.2020, 15:24,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Орусиядан келип, үй карантинде жаткан Ысык-Көл облусунун үч тургуну карантин эрежелерин сактабагыны үчүн обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 27-майдагы брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-майда Соль-Илецкиден келген 26 жаштагы жаран, үй карантинине алынгана карабастан 22-24-май күндөрү карантин шарттын бузуп, Түп айылына барган. Ошондой эле 22-майда үй карантинине алынган 27 жаштагы жаран карантин эрежелерин бузуп, 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн. Карантиндин шарттарын бузган дагы бир жаран Санкт-Петербургдан келген. Ал 18-майда үй карантинге алынган. Бирок 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген. Бул үч жаран теӊ карантин шарттарын сактабаганы үчүн обсервацияга алынган.