У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Парк ачылаары менен бүлдүрүштү...Эмнеге селкинчектер, эстеликтер бир базардан чыкпай калган?


Социалдык тармактарда жаңы эле ачылган парк бир ай боло электе чекесинен урай баштаганы кызуу талкуу жаратып жатат. Тактап айтканда Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин алдында жазылган жазуулар талкалана баштагынын активист Владимир Цай жазып чыккан. Эстеликтин тургузулганына  1 ай дагы боло  элек. Ачылышына Президент Сооронбай Жээнбеков  өзү катышкан эле. 

Тамгалардын урай баштаганы тууралуу мэриядан билдирүү таратышты. Алардын айтымында тамгалар убактылуу эле чапталган. 

"Тамгалар атайын бир курч курал менен чыгарылган. Алгач биз ага габбро плиталарын колдонууну пландаганбыз, бирок бул таштар менен тамгалар даяр болгонго чейин убактылуу тамгалар коюлуп турган болчу", - деп түшүндүрүштү. 

Мындан сырткары селкинчектерди талкалап кетишиптир деген маалымат таратып жатышат. Селкинчектер аркандан ичке чынжырчадан жасалса, ага желим отургуч чапталса, отурган адамды көтөрө албагандыктан үзүлгөнү сокур адамга түшүнүктүү болуп жатпайбы.
Эгер селкинчектер сейилдеп барган жарандарга ылайыкталбаса, анда кимге ылайыкташылган же жөн эле көргөзмө беле? Анын үстүнө селкинчектер жаш балага ылайыкташылган эмес. 


Мэриянын басма сөз кызматы  "жаңы ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакка вандалдар кол салды, тамгаларды жулуп салды" деген маалымат таратып жатышат. Тамгалар убактылуу болсо, кармап турган нерсеси бир жолу колдонулуучу эки тараптуу скотч болсо, күндүн ысыгынан кургаганынан деле кулап калышы мүмкүн да...

Туура, шаардыктар, эс алуучулар этият мамиле кылганды билбей тургандыгын көп жолу далилдеп келишет. Ошентсе да канчалаган каражат сарпталып жаткан соң көп жылга жеткидей, сапаттуу, көргөзмө үчүн эмес, чындап пайлана тургандай селкинчек, эстелик өңдүү парктын көркүн ачкан нерселер курулса деген ой...

Ал эми шаар тургундарын этият мамиле кылууга чакырабыз. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter