Балдар онкологиясынан 80 адамдан коронавируска анализ алынып, баары таза чыкты
- 25.05.2020, 14:48,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жакшы кабар...Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун балдар бөлүмүндө дагы 80 адамдан коронавируска анализ алынып, баарыныкы таза чыкты. Бул тууралуу 25-майда борбордун жетекчиси Эрнис Тилеков маалымат булактарынын бирине билдирди.
Анын айтымында, коронавирус жуккан балдардын жана аларды карап жаткан энелердин абалы жакшы.
«
Балдарда клиникалык жактан байкалган жок. Абалы жакшы. Оорлогон учурлар жок. Негизги оорусуна байланыштуу дарыланып жатышат. Мурдагы күнү 80 киши анализ тапшырды, баарыныкы таза чыкты. Бүгүн дагы 80ди алып жатабыз», - дейт Тилеков.
Балдар онкологиясы бөлүмүндө коронавируска байланыштуу адегенде 120 адамдан анализ алынып, анын жыйынтыгында бул ооруканада дарыланып жаткан сегиз бала, үч эне, бир дарыгер, эки медайымдан жаман вирус табылганы 21-майда маалым болгон.