У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук онкология ооруканасынан 14 адамдан коронавирус чыкты

Бишкектеги Улуттук онкология борборунун Балдар онкология бөлүмүнөн 14 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Улуттук онкология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, вирус жуктуругандардын арасында 1 дарыгер, 2 медайым, 8 бала, 3 ата-эне бар. Учурда вирус жуктургандар изоляцияга алынып, тиешелүү чаралар көрүлдү. 
 
Э.Тилековдун айтканына караганда, Панфилов районунан келип дарыланып, 4-майда чыгып кеткен жарандан 7 күндөн кийин вирус аныкталган. Аны менен байланышта болгондордун баарын текшерүүгө алгандан кийин 14 адамдан вирус табылган.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter