У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


25-май, 30 адамдан вирус табылды, 2 бейтап каза тапты


Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 30 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 25-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын тогузу Бишкек шаарында, бешөө Нарын облусунда, үчөө Ош шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда.
Чүй, Ош жана Баткен облустарында бирден адам.

Ошондой эле Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан кайтып келгендер арасынан коронавирус сегиз адамдан табылды.
Бир суткада коронавирус жуккан эки бейтап каза болду. Бири Бишкектеги Инфекциялык ооруканада - Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев (70 жашта). Экинчиси - Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасында 67 жаштагы эркек бейтап.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter