У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талант Байызбеков: "Керектүү каражат топтолгондугуна байланыштуу акча чогултуу токтотулду"


Урматтуу "fabula.kg" сайтынын окурмандары! Жардам сурап кайрылган Наргиза Байызбекованын абалын туура түшүнүп, жапатырмак жардам беребиз деп туш-туштан кабар алып, акча которот элек, жардам кылат элек деп тынымсыз жазып, чалып жатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Окурмандардын көбү "Элсом номери иштебей жатат, байланыша албай жатабыз" деген билдирүүлөрдү жиберип жаткандыктан, бир тууган агасы менен байланыштык. Агасынын айтымында керектүү каражат боорукер адамдардын көмөгү менен тез эле жыйналгандыгына байланыштуу каражат чогултуу токтотулду. 

"Элден аябай көп чалуулар, билдирүүлөр келгендиктен бардыгына жооп бере албай жаттык. Биз сураган  каражат топтолду. Элсом номерибиз туура эле болчу. Эл аябай көп салгандыгына байланыштуу номер жакшы иштебей (сбой) калып жатты. Керектүү каражат чогулгандыгына байланыштуу акча чогултуу токтотулду. Бар болуңуздар, дүйнөдө эч ким оорубасын" , - дейт Байызбеков.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter