Базарлар 25-майдан кийин иштейт
- 19.05.2020, 15:48,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкектеги жана аймактардагы базарлар 25-майдан тартып толук кандуу иштей баштай турганын билдирди.
«Ишке киргизилип жаткан экономикалык тармактардын баары санитардык талаптарды аткаруусу зарыл. Адамдар арасындагы аралык сакталып, адамдар бет каптарды тагынуусу шарт»,-деди Кубатбек Боронов.
Маалыматка ылайык, 21-майдан тарта калкты тейлөө борборлору, мончо, СПА-салон, репетитор жана тиричилик кызматын көрсөткөндөрдүн иши да жанданат.