У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖАМК: ""Даниэл Ажиев СИЗОдо токмоктолду" деген маалымат чындыкка дал келбейт"


Даниэл Ажиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтокунова Даниэл Ажиевдин СИЗОдо токмоктолгонун билдирип чыккан. Аталган маалымат боюнча  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы төмөнкүлөрдү билдирди:

"Даниел Ажиев бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн жеке өтүнүчү боюнча жалгыз камерада отурат жана ал тарабынан ден-соолугунун абалы боюнча №1 СИЗОнун администрациясына эч кандай даттануулар жана дооматтар болгон эмес"...

Ошондой эле жарыяланган маалыматта Аджиевди ЖАМК өзгөчө кырдаалга байланыштуу Биринчи Май сотуна жеткирүүдөн баш тартканы айтылган.

"Бул сөз чындыкка коошпойт, анткени ал дагы деле тергөө амалында, анын иши сотко келе элек. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бийликтин аткаруучу органы катары соттолуучуларды сотко жеткирип берүүдө соттордун чечимдерин жана талаптарын аткарат”, – дейт маалыматта. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter