Катар кайрымдуулук фонду Ак-Өргө конушуна бейтапкана салып берди
- 16.05.2020, 15:28,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 15-майда Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда Катар кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып курулган жаңы бейтапкананын ачылышы бардык санитардык нормаларды сактоо менен болуп өттү.
Бейтапкана бир кабаттуу, эки корпустан турат. Конуш жашоочулары үчүн кабылдама бөлүмү, кургак учукту дарылоо бөлүмү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, УДИ кабинети жана башка медициналык жардамдарды көрсөтүүчү кабинеттер иштей баштайт.
Дарыгерлердин амбулатордук имараты үчүн 0,56 гектар жер бөлүнгөн. Долбоордун жалпы суммасы 7 миллион сомду түзгөн.