У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайдыгерликтин кесепетинен Тажикстанда абал оорлошууда


Бүт дүйнө элинин  алапайын таптырбай жаткан вирусту жок дегендин өзү катачылык! Буга коңшу Тажикстан мамлекетиндеги абалды мисал кылууга болот. Элдин баары коргонуу чараларын көрүп жатканда тажик бийлиги эпидемиянын коркунучун көпкө этибарга албай, пандемия жарыялангандан кийин Ноорузга арналган массалык иш чаралар уюштурулуп, футбол боюнча чемпионат өткөргөн. Карантин жарыяланбай, элди ээн-эркин кое беришкен. Мына ушундай камырабоонун кесепетинен учурда бул өлкөдө вирус өтө тездик менен тарап жаткан убагы.

Маселен, 15-майда Тажикстанда бир күндө коронавирус жугузуп алган дагы 211 киши аныкталганы кабарланды. Эпидемия башталгандан бери бул бир күндө катталган эң жогорку көрсөткүч. 12-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун экспеттер миссиясынын жетекчиси Патрик О’Коннор Душанбедеги онлайн пресс-конференцияда Тажикстандагы эпидемиялогиялык кырдаал оорлошуп, вирус тез жайылып жатканын, алдынкы күндөрдөгү чаралар адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойнорун эскерткен.

Кошуна өлкөдө коронавиурстун алгачкы учуру тууралуу 30-апрелде расмий маалымдалган. Бирок өткөн айдын башынан эле борбор калаа Душанбеде, бир катар райондордо пневмониядан көз жумгандар көбөйгөн. Учурда жалпы вирус жуктургандардын саны 1118 адамга жетти, 33 адам көз жумду жана 477 бейтап сакайып чыкканы айтылды. 






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter