У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖАМК: "Сапар Исаковдун жана башкалардын анализи таза чыкты"



Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) учурда камакта отурган саясатчылардын, коомдук ишмерлердин  коронавируска алынган анализдердин баары таза чыкканын маалымдады. 

Мекеменин маалыматына караганда, 12-майда Равшан Жээнбековдон, Фарид Ниязовдон, Фархат Баабиевден, Сапар Исаковдон, Карыпбек уулу Рысбектен, Канат Осмоналиевден, Мээрбек Мискенбаевден жана Канат Сагымбаевден коронавируска анализ алынган.


Буга 8-майда Бишкектеги №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен COVID-19 илдети табылганы себеп болгон. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы абакта абал туруктуу деп, кооптонууга негиз жок экенин билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter