ЖАМК:"Канат Сагымбаев коронавирустун белгилери менен оозеки да, жазуу түрүндө да дарыгерлерге кайрылган эмес"
- 11.05.2020, 16:33,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 11-майда мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев өзүндө вирустун белгилери бар экенин, саламаттыгына байланыштуу №1 тергөө абагынын жетекчилигине кат менен кайрылганын, бирок эч кандай аракет болбогонун билдирген. Кийинчерээк Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева абакта коронавирус бар-жогун текшерип чыгууну талап кылган.
Бирок жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) бул маалыматты четке какты. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун маалымат булактардын бирине билдирген маалыматы боюнча, №1 тергөө абагында кармалгандардын бири да, анын ичинде Канат Сагымбаев коронавирустун белгилери менен оозеки да, жазуу түрүндө да дарыгерлерге кайрылган эмес.