У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москва көчөсүндө жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан да вирус чыгууда


Тилекке каршы Бишкекте абал оорлошуп бара жатат. Борбор калаанын чок ортосунда, тагыраагы Москва көчөсүндө жайгашкан 
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун беш кызматкеринен COVID-19 табылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Буга чейин бул ооруканада жаткан эки бейтап баладан, үч энеден жана эки медиктен жаман илдет табылган.  Ошого байланыштуу республиканын аймактарынан  келгендерди кабыл алган төрөт үйү да өз ишин токтотууга аргасыз болууда.

"Ал жакта кош бойлууларды кабыл алуу токтоп, аларды башка жактарга бөлүп жатышат. Дезинфекция жүргүзүлүп, кызматкерлер обсервация режиминде. Борбордон жалпы 5 кызматкер ооруп калды: үч дарыгер, санитарка жана акушер. Учурда 27 адам байкоодо турат. Абал көзөмөлдө", — деди Үсөнбаев.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter