У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Фрунзе гипермаркетинин сатуучусунан вирус табылды

 Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифинг учурунда суроолорго жооп берип жатып билдирди. 

Брифинг учурунда: «Бишкек шаарындагы «Вефа» соода борборундагы «Фрунзе» гипермаркетиндеги сатуучу вирус жуктуруп алды деген чындыкка дал келеби?»,- деген суроо берилди. 
 
«Бул чындык. Ал анализ тапшырууга өзү кайрылган. Анализдин жыйынтыгы менен ал адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бүгүнкү күндө аны ооруканага дарыланууга жаткырдык. Аны менен чогу иштегендердин баарын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп, медициналык көзөмөлдөрдү уюштурдук», -деди Үсөнбаев. 
 
Маалыматка ылайык, анализ тапшырууга өздөрү келген алты адамдын анализинен коронавирус вирусу аныкталган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter