У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн, 10-мартта "Вефа" соода борборунун тагдыры чечилет



Социалдык тармактарда "Вефа бизнес борборун түрктөргө тарттырып коёбузбу же соттор адилеттүү чечим чыгарып, кыргыздарда калабы? Вефанын тагдыры кыргыз бизнесинин тагдыры. Кээ бир атка минерлер, соттор түрктөргө тартып жатат" деген билдирүү тарады. Аталган соода борбордун айланасындагы талаш-тартыштарга бүгүн, 10-мартта чекит коюлганы турат. 

Эске салсак, 2018-жылы Түркиянын мамлекеттик ишканасы "Өзгүн Иншаат" "Вефаны" кайтарып алуу үчүн Бишкекте сотко кайрылган. Соода борборунун жарымында 2016-жылдан бери жергиликтүү жетекчинин алдында "Аруу Жылдыз" жоопкерчилиги чектелген коом иштетип келет. "Аруу Жылдыз" "Вефаны" 2016-жылы сатып алган. Түркия ал улутташтырылгандан кийин мыйзамсыз сатылган деп жатат.

Райондук жана шаардык сот кыргызстандык ишкердин кызыкчылыгына чечкен. Жогорку Сот ишти кайра баштан кароо үчүн биринчи инстанцияга жиберген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter