Вирусту жеңген Ухань шаарында коронавирус кайрадан пайда болууда
- 12.05.2020, 09:50,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Адамзаттын тынч турмушуна бүлүк салган коронавирус илдети алгач тараган Кытайдын Ухань шаарынан жана Гирин провинциясынан кайрадан аталган вирус бир нече кишиден аныкталды.
Дүйнөлүк маалымат булактарынын жазганы боюнча дүйшөмбүдө Уханда коронавирус илдетин жуктуруп алган беш киши белгилүү болду. 3-апрелден бери 10-май, жекшембиде алгачкы жолу COVID 19 илдети кайрадан катталды. Шаар бийлиги инфекциясынын очогу болгон чакан квартал бар экенин билдирди.
Кытайдын медициналык органдарынын башчылары жана эксперттер карантиндик чектөөлөр алынып, жарандар кадимки жашоого кайткандан кийин илдетти жуктуруп алгандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен.