У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азиз Суракматов: "Бишкекте коронавирустун жайылышы кооптуу деп эсептелген 98 очок бар"



Бишкек шаарында  өзгөчө абал режими аяктаганы менен абал курч бойдон калууда. Борбор калаада  жалпысынан коронавирустун жайылышы кооптуу деп эсептелген 98 очок бар. Мындай катаал шартта кызматта жүрүп ооруп калган сакчылардын саны да өсүүдө. Тактап айтканда жугуштуу илдетке кабылган  милиция кызматкерлеринин саны 11-майга карата 36 адамды түздү.  Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин вирус жуккан милиционерлер тууралуу маалымат бергенде алар бул илдетти көбүнчө кызмат учурунда, оорунун очогуна барганда жугузганын билдирген.

11-майдан тартып Бишкекте жана башка бир катар аймактарда өзгөчө абал режими аяктап, өзгөчө кырдаал мөөнөтү улантылмай болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter