Түркия коронавируска каршы дары иштеп чыгып, сата баштаарын билдирди
- 11.05.2020, 15:50,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Түркияда «COVID-19 илдетин дарылаш үчүн жергиликтүү фармацевтикалык фирма тарабынан дары иштелип чыгып, сатыкка чыгаары маалым болду. Бул тууралуу маалымат министри Фахреттин Алтун «Твиттер» баракчасына жазды, бирок кандай дары экени так айтылган жок.
«COVID-19 илдетин дарылаш үчүн жергиликтүү фармацевтикалык фирма тарабынан дары иштелип чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык препараттар агенттиги бул дарынын өндүрүшүнө ыкчам уруксат берип, дарыканаларда сатууга уруксат берилди»,- дейт министр.