У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Клара Сооронкулова, «Э. Иманалиевке ыкчам медициналык жардам көрсөтүлбөй калганы тез арада иликтениши керек»



Мындай пикирин Клара Сооронкулова «Facebookтагы» баракчасына жазды. Текст өзгөртүүсүз берилди.  

“Элмирбек Иманалиевке эмне себептен ыкчам медициналык жардам көрсөтүлбөй калганы тез арада иликтениш керек. Спецбольница болбой куруп калсын. Пайдасыз депутат же министр болсо жан далбастап чуркашмак, эмне үчүн кыйналып турган адамды ары бар, бери бар деп түрткүлөшөт. Адамды кооптуу абалда жардамсыз калтыруу үчүн кылмыш жаза жоопкерчилиги каралган, күнөлүү адамдар жооп берсин”-деп жазат ал. 
 
Эске салсакЭл акыны Элмирбек Иманалиевге ыкчам медициналык жардам көрсөтүлбөй, эки сааттай убакыт жолдо жүрүшүп, жардам кеч  көрсөтүлүп, натыйжада  дарыгерлер аны сактап кала алышпай калганын акындын шакирти “Айтыш” республикалык коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов акынды акыры сапарга узатуу учурундагы эскерүүдө билдирди.
 
“Спецооруканага барсак Фучикке жөнөттү, ал жактан кайра атайын ооруканага жөнөттү. Дарыгерлер дагы карантин учуру деп кабыл албай, өтө кечиктирип коюшту”, — деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter