У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүй облусунда турак үйдөн чыккан өрттөн бир адам каза болду


Чүй облусунда турак үйдөгү өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Анын айтымында, 10 -октябрда саат 23.35те Москва районунун Петровка айылынын Водоемная көчөсүндө жайгашкан жеке үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
 
Аны өчүрүү үчүн бир өрт өчүрүү кызматы тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге саат 23.47де келишкен. Саат 01.00дө өрт толугу менен өчүрүлгөн.
 
Окуянын кесепетинен 40 чарчы метр турак үй күйүп, бир адам каза болгон. Маркумдун өздүгү жана өрттүн себеби такталууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter