У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мансурали Султановдун көкөйгө тийген өзүм билемдиги...


 Урматтуу Болотбек Дүшекович, биздин сизге кайрылуубуздун себеби болгон жетекчибиз Мансурали Султановдун көкөйгө тийген "нааданчылыгы" болуп отурат. Ноокат районундагы 54- кесиптик лицейдин директору болуп келген 2017-жылдын октябрынан бери эң жакшы деген 20 дай мугалимди иштен бошотуп, өзүнүн туугандарын коюп алган, окуучулардын тамак ашына келген акчаны "өөнөп" отуруп, балдардын көңүлдөрү сууп окубай койгону аз келгенсип, окуп жаткан саналуу балдарды да мугалимдерге кошуп сөгүп, 3 айлык курстардагы окуучулардан кирүү үчүн взнос алып деги бир туура иши жок болду. 
 
Бухгалтер бош баракка устаттарды кол койдуруп алып, тамак ашка табелди өзү билгендей толтурат. 1 группада 20 бала келип, тамак жеди деп толтурулат. Чындыгында 10 го чейин гана бала келет, кээ бир группаларда 1 окуучу олтурган убактар да өтө көп. Бухгалтер менен ашпозчуну колго алып, өзү калган акчаны чөнтөгүнө салып алат. Кечээ күнү көмүр келген, аны да жарымын алып келип, калганын акчалай чөнтөгүнө салып алганы да айтылып жатат. 
 
Мурда иштеп кеткен 1 устат мен лицейден ашыкча алып алган экемин деп 15 миң сом алып келген эле, аны да өзү эле алып, окуу жайдын балансына кошкон жок. Азыр болсо бала толбой мугалимдерди дагы коркутуп жатат. Эжей мугалимдерди да уят сөздөр менен сөгүп, окуучулардын адында абийрибиз да калбады. 
 
Лицейдин жерлерин, техникаларын өзү каалагандай иштетип, балдарга пайдасын тийгизбейт. Педагогикалык билими жок бул адамдын биздин окуу жайдан кетээр күнүн күтүп иштеген саналуу эле мугалим калды. Өзү койгон туугандары гана каалабаса, мурдатан иштеген мугалимдер чын эле кыйналдык. Сизден сураныч ушул директорду биздин окуу жайдан алып, педагог, иш билги, маданияттуу, билимдүү, педагогикалык этиканы сактай билген жетекчи дайындап берсеңиз.
 
Коллективдин атынан
 


Пикир калтыруу
Коррупцияга каршы күрөшүүдө ушундайлар менен да иштесе бийликтегилер
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter