Чек ара чырында үйү өртөлгөн жаран үйлүү болду
- 18.09.2020, 13:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
8-майда Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатак учурунда үйү өрттөлгөн жаранга Өкмөт үй салып берди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалымтка ылайык, өкмөт тарабынан салынып жаткан үй толугу менен бүтүп, 17-сентябрда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов үйү өрттөлгөн тургунга жаңы тамдын тийиштүү документтерин тапшырды.
Эске салсак, чек ара чырында Көк-Таш айылындагы тургундун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн. Өкмөт ал жаранга үй салып берүүнү убада кылып, каражат бөлгөн.