Уу коргошун кайсы учурда өлүмгө алып келери айтылды…
- 16.04.2021, 14:55,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Уу коргошунду муздак колдонууга болбойт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, эгерде ал муздак колдонулса, дем алуу жолдорунун тырышуусу пайда болот.
«Уу коргошунду муздак колдогон учурда өлүмгө алып келиши мүмкүн. Эгерде тамырды ысык ичкенден кийин муздак суу ичсе же балмуздак жеген болсо, анда адам өмүрүнө коркунуч туулат. Аны ысык ичип, жылуу оронуп жатыш керек. Ал аябай тердетет, тер менен вирустун баары чыгып кетет. Коронавирус менен ооругандар уу коргошунду ичкенден кийин уктап калуудан коркушат. Анткени алар ушул менен ойгонбой калам деп коркушат. Биз бейтаптарга бергенде алар уктап калышкан, ошондуктан алар бул коркунучту сезишкен жок»,- деди ал.