У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


13 жаштагы кызды зордуктаган 2 адамды актап жиберген судьяга каршы виртуалдык митинг башталды


13 жаштагы кызды зордуктоо үчүн айыпталып жаткан үч адамдын экөөнү актап, үчүнчүсүнүн күнөөсүн жеңилдеткен чечим чыгарганы үчүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго каршы вируталдык минтиг жүрүүдө. Алар судьянын ишмердүүлүгүнө  кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда. Виртуалдык митинг «Фейсбук», «Твиттер» жана «Инстаграм» социалдык тармактарында жүрүп жатат.


Эске салсак, 11-декабрда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шек саналган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын жеңилдетип, башка берене менен соттогон. Ал эми зордуктоо боюнча шек саналган Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды сот буга чейин «иштин курамында кылмыш жок» деген жүйө менен актап жиберген.

Жакындарынын айтымында, кызды бул үчөө көптөн берип зордуктап келишкен, видое менен коркутуп, шантаж кылышкан. Ишти кыздын жакындары ал кош бойлуу болуп калганда гана билишкен.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter