У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Н. Үсөнбаев: «Реанимацияда жаткандардын, каза болгондордун көпчүлүгү вирус жуктуруп алып, өз алдынча дарылангандар…»


 
Коронавирус менен ооруп каза болгондордун жана оор абалда жаткандардын көпчүлүгү учурунда ооруканага барбай, үйдө өз алдынча дарылангандар экендигин 27-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 
 
«Каза болгондорду жана оор абалда жаткандарды анализдеп, текшерип, ооруларын карап чыкканда, алардын каза болушуна же оор абалга түшүшүнө өз алдынча дарылануусу себеп болгону аныкталды. Ар кандай кеп-кеӊештерди угуп, үйдө дары-дармектерди ичип, кээ бирөөлөр чөптөрдүн кайнатмасы менен дарыланып жаткан учурлар кездешүүдө. Мындай көрүнүштөр медицина кызматкерлеринин арасында да кездешип жатат. Бул туура эмес. Коронавирусту өз алдынча дарылоого болбойт. Өз алдынча дарылануу оорунун кабылдап кетишине алып келип, жыйынтыгында  реанимацияга түшүп калышууда. Эгер оорунун белгилери байкалса дароо ооруканага кайрылыӊыздар, дарыгерлер сиздерге туура кеӊеш берип, ооруну жеӊүүгө жардам берет»,-деди Үсөнбаев. 
 
Эске салсак, буга чейин каза болгондордун арасында ооруканага кеч келгендердин бар экендиги айтылган эле. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter