У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарыла баштайт

Ош шаарында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарган ишкана ишке киришти. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлдагы брифинг учурунда билдирди. 
 
«Ош шаарында жаңы ачылган  автоунаа куруучу ишканада өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды чыгаруу жолго коюлуп, алгачкы кадамдар жасала баштады. Эгер Кыргызстандан жасалып чыккан аппараттар сыноодон өтө турган болсо, өзүбүздөн чыккан аппараттары колдонууга мүмкүнчүлүк болот»-, деди өкмөт башчы. 
 
Эске салсак, премьер-министр буга чейин мамлекет тарабынан ар бир облуска бирден компьютердик томография жана санариптешкен рентген аппараты коюла турганын билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter