У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт ар бир аймакка компьютердик томография аппараттарын алууну ниеттенүүдө


Өкмөт ар бир аймакка компьютердик томография аппаратын алуу боюнча иштерди аткарууда. Ошол себептен өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бул медициналык аппаратты жайгаштыруучу орундарды алдын ала даярдашы керектиги айтылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын отурумунда сөз болгонун өкмөттөн билдиришти.

Мындан сырткары аймактарда  медициналык бет кап жана жеке коргонуучу каражаттарды чыгара турган цехтерди ачуу иштерин тездетүү тапшырмасы берилди. 

"Аймактардагы жарандарды бет кап жана жеке коргонуучу каражаттар менен толук камсыз кылуу үчүн ар бир облуста цехтер ачылышы керек. Облус жетекчилери бул багыттагы иштерди күчөтүүгө тийиш. Чыгарылган продукция элге жеткиликтүү болуш үчүн баасы көзөмөлдөнсүн", — деди өкмөт башчы Кубатбек Боронов.



 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter