У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Т. Икрамов: «Коррупционерлер отуз жылдап ичип-жегениӊерди эл менен бөлүшчү мезгил келди»

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
 
«Коррупционерлер убакыт келди! Офшорго каткан акчаңарды, басып жаткан байлыгыңарды чыгарып, элдин саламаттыгына жумшагыла. Кыйналып турган медицина тармагын каржылап, дары-дармек, препарат, кычкылтек болуп чыгаруучу аппараттарды алып келгиле. Болбосо элдин убалына каласыңар. Силердин айыңардан медицина талкаланды, миллиардаган долларлар силердин чөнтөгүңөргө кетти. Россиянын президенти В. В. Путин орус байларына "Силердин кантип байыганыңарды билем, эл менен бөлүшчү учур келди" деп пандемия алгач башталганда эле айткан. Силер да отуз жылдап ичип жегениӊерди эл менен бөлүшчү мезгил келди!»


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter