У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто коронавирустан дагы бир медицина кызматкери каза болду

30-июнда Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
 
Маалыматка ылайык, ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп коронавирус илдетин жугузуп алган. 22-июнда Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Абалы оор болуп, дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабай бүгүн каза болгон. 
 
Жалпысынан өлкө боюнча вирус  жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 830га жетти, алардын 442си айыгып, ооруканадан чыккан, 3 медкызматкер каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter