У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Воронцовка айылындагы Курортология институтунда бош орун жок

Воронцовка айылындагы Курортология институтунда пневмония менен ооругандары кабыл алганга орун жок. Бул тууралуу Курортология институтунун жетекчиси Марат Сагымбаев Kaktus.mediaга билдирди.
 
Эске салсак, республикалык штаб пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 761 орун даярдалганын, Воронцовка айылындагы Курортология институтунда 120 кошумча орун бар экенин билдирген. 
 
Институт жетекчилиги бул маалымат чындыкка дал келбей турганын, институтта болгону 110 орун бар экенин, алар да бош эместигин айтты. 
 
«Бизде азыр 110 гана орун бар. Алар да бош эмес. Эгер кимдир-бирөө жеке ооруканаларга кетсе, анын ордуна башкасын чакырабыз. Орундар бизде бошобойт. Бизге да оор абалдагы бейтаптар келет. Аларды кантип кабыл албай коебуз. Алар бул орунду жылдап күтүшөт. Биздин медкызматкерлер да 15 күндүк обсервацияда жатат. Учурда институт 60-70 пайыз гана иштеп жатат. Биз да колдон келген жардамды бергенге аракет кылып жатабыз, Муну саламаттыкты сактоо министрлиги билет»,-деди Сагымбаев.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter