У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пневмония менен ооругандар үчүн 761 кошумча орун даярдалды

Бишкекте пневмония менен ооруп, ооруканага кайрылган бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча жайлар даярдалды. Бул тууралуу 29-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб  билдирди.
 
Кошумча ачылган жайларда жалпысынан 761 орун бар. Улуттук госпиталда 270 орун,  "Манас" аэропортунун жанындагы мурда "Ганси" базасы жайгашкан жерде 200 орун, Воронцовка айылындагы Курортология институтунда 120 орун, №1 ооруканада 80 орун, "Темир жолу" ишканасынын ооруканасында 40 орун, Улуттук фтизиатрия борборунда 38 жана Улуттук хирургия борборунда 13 орун бар.
 
Саламаттык сактоо министринин маалыматына ылайык, быйыл март айынан бери өпкөнүн кагынуусунан 54 адам каза болду. Ал эми коронавирустан 50 бейтап кайтыш болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter