Бүгүн, 44 медкызматкер вирус жуктуруп алды
- 29.06.2020, 11:05,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
29-июнга карата акыркы бир сутка ичинде 44 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында-23, Чүй облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 2, Талас облусунда — 1 учур.
Акыркы бир суткада 11 медициналык кызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерин саны 783гө жетти, алардын ичинен 431 медицина кызматкери айыгып чыкты.