У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандан башка Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин жарандары Европа өлкөлөрүнө кире алат

1-июлдан тартып Европа биримдиги эпидемиологиялык абалы турукташып калган 50дөй өлкөгө чек арасын ачат. Бирок Евробиримдик АКШнын, Бразилиянын, Орусиянын жана бир катар башка мамлекеттердин жарандары үчүн коронавирустун жайылуусу азаймайынча чек араларды ачуудан баш тартышты. Бул тууралуу “The New York Times” гезити жазып чыкты.
 
Кыргызстандан башка Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин жарандары Европа өлкөлөрүнө кире алат. Анткени Хорватия мамлекетинин төрагалыгынын алдында түзгөн Евробиримдиктин тизмесинде Кыргызстан жок. 
 
Иштелип чыккан эреже боюнча: 14 күндүн ичинде коронавирус 100 миң калктан 16-20 учур катталган мамлекеттер Европа өлкөлөрүнө кире алышат. Мындай эсептөөдө 16-20 учурду Кыргызстандын калкынын жалпы санына теңдеп бөлгөндө өтө көп учур катталган деген жыйынтык чыгарышкан. Тизме эки жумада бир жаӊыланып турат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter