У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жээнбеков Кыргызстанга кайтып, анализи чыкканча обочолонуп турат


Президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү Москва шаарынан кайтаары менен бардык талаптарды аткарышмакчы. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кытчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
 
Буга чейин атайын парадга барган өлкө башчыны коштоп баргандардан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу президент парадга катышпай эле коюну чечкендиги айтылган. 
COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.
 
Делегация кайтканда коронавирусту алдын алуу боюнча белгиленген бардык шарттар аткарылат. Анализи коронавирус бар экенин көрсөткөндөр 14 күнгө обочолонуп, ал эми президент баш болгон башка мүчөлөр анализ чыкканга чейин 3 күн үй карантининде болушат”, — деп айтылат билдирүүдө.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter