У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбак Түлөбаев: "Жардам сурагандардын көбү колунда бар адамдар болуп жатат"


Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев жардам сурап чалгандардын көбү мэрияны сынап, тамашалап чалып жатышканын жазып чыкты. Анын айтымында жардам кылалы деп мэриядан барышса эле тамашалап текшерип көрүп жаткан колунда бар жарандар болуп чыгып жатыптыр. Түлөбаевдин билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз.

"Урматтуу достор!Калайык акыркы күндө баарыбыз элдин көйгөйүн чечели деп чуркап жүрөбүз.Түнкү 02 чейин жазгандарыңарга жооп берип атабыз. Акыркы күндөрү өтө кызык окуяларга туш келип атабыз. Жардам сурагандардын көбү колунда бар адамдар болуп жатат. Үйүнө барсак келдиңерби чын эле келет бекен деп жөн эле жазганбыз деп атышат. Дагы башка толгон токой шылтоолор. Эч нерсе эмес чыдайбыз, бирок сиздер башка жардамга муктаж элдин акысын жеп атасыздар. Алардын зар мунуна кантип жооп бересиздер. Жок дегенде ушул кыйын убакта тамашаны, сыноону кое туралы. Эми ушундайларды видеого жана сүрөткө тартып элге чыгарабыз".


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter