У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ карантинден жабыркагандарга 484 млрд. доллар бөлөт

АКШнын Өкүлдөр Палатасы карантинден жабыркагандарга 484 миллиард доллардык жардам көрсөтүүнү максат кылган мыйзам долбоорун жактырды. 

Планга ылайык, каражаттын бир бөлүгү жумушчулардын айлыгын жана ижара акысын төлөө сыяктуу чакан ишкерликтин чыгымдарын жабууга жумшалат. Мындан тышкары ооруканаларга 75 миллиард доллар, вируска каршы тесттерге 25 миллиард доллар сарпталат. 

Буга дейре АКШ март айынын соңунда карантинден жабыркагандар үчүн 2 триллион доллар бөлүүнү караган документти кабыл алган болчу.

АКШда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 870 миң кишиге жетти. 50 миңдей адам каза болуп, 80 миңден ашууну айыгып чыкты. Вируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам 25 миллиондон ашуун адам ишсиз калганы айтылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter