У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Суусамыр суусуна агып кеткен депутатты издөө иштери уланууда…

 
11-май күнү Суусамыр дарыясынын аралчасында калган жылкысын куткаруу үчүн сууга кайык менен түшүп, агып кеткен Панфилов районунун айылдык кеңешинин депутаты, 42 жаштагы Бакир Исаковду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
ӨКМнын маалыматына ылайык, ал жылкысын куткаруу үчүн дарыяга кайык менен түшүп, кайык оодарылып кетип, Бакир Исаков жээкке чыга албай калган. Кайыкта аны менен бирге куткаруучу болгон, куткаруучу сүзүп чыгууга үлгүргөн.
 
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына айылдык кеӊештин депутаты Исаевден дарыянын аралчасында калган жылкысын чыгарып берүүнү өтүнгөн кайрылуу түшкөн. Куткаруучулар түшүүгө кооптуу экенин эскертишкен. Ал жылкыны алып чыгууну талап кылган. Исаев менен бирге куткаруучу да кайыкка кошо түшкөн. Кайык суунун катуу агымына туруштук бере албай оодарылып кеткен. Исаевди куткарууга куткаруучулар аракет кылышкан, тилекке каршы суунун агымы өтө күчтүү болгондуктан куткаруучу жээкке сүзүп чыгууга аргасыз болгон, ал эми Исаков дарыядан сүзүп чыга албай калган", - деп айтылат маалыматта.
 
Учурда Суусамыр дарыясында жана жээктеринде издөө иштерин жүргүзүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter