У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баланын билим алуу укугун бузган же чектеген директорлорго, мугалимдерге, ата-энелерге айып салынат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


 Билим берүү министрлиги балдардын билим алуу укуктарын бузган же чектеген директорлорго, мугалимдерге, ата-энелерге, кызмат адамдарына айып салууну сунуштоодо. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлду.
 
Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна ылайык, акысыз билим берүү мекемелеринде окуучулардын кандайдыр бир укуктарын чектегендиги үчүн:
  • жеке жактарга, кызмат адамдарына - 15 миң сом;
  • юридикалык жактарга - 30 миң сом өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн.
 
Бала мектепке чейинки билим берүү уюмдарында электрондук кезек системасына келгенден кийин мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартылса жеке жактарга 17,5 миң сом, кызмат адамдарына - 20 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
 
6-7 жашка чейинки мектеп жашына жеткен баланы жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартууда - жеке жактарга 15 миң, ал эми кызмат адамдарына 20 миң сом айып пул салынат.
 
"Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана мугалимдеринин, анын ичинде мамлекеттик фонддорго жана коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттарын мыйзамсыз жыйноо же окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жеке адамдарга, кызмат адамдарына 20 миң сом айып салууга алып келет", - деп айтылат сунуштамада.
 
“Билим берүү мекемелеринде кандайдыр бир максатта жана ар кандай шылтоо менен мыйзамсыз акча чогултууга жол берилбейт», - деп билдирет министрлик. 
 
Бала билим берүү уюмуна киргенде чектөөлөргө (өлкөнүн билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралбаган) жол бербейт жана мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмунун биринчи классына кирген балдар үчүн кирүү экзамендерин тапшырууга тыюу салат. 
 
Ошондой эле, Билим берүү министрлиги Үй-бүлө кодексине ылайык, ата-эненин балдарга карата милдеттеринин бири толук кандуу билим алуу үчүн зарыл шарттарды түзүү экенин кошумчалады. Ошол эле учурда мектепке барбаган балдардын саны өсүүдө.
 
Улуттук статистикалык комитет менен Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашуун бала мектепке барбай калган.
 
Жаңы мыйзам долбоорунда баланын негизги жалпы билим алуусу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн ата-энелердин жоопкерчилиги каралат.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter