У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттарды шайлоодо электрондук добуш берүү ишке кирет...


БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациядан өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
 
«Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө»   Кыргыз  Республикасынын  Президентинин   2023-жылдын  6-февралындагы  №19  ПЖ  Жарлыгын аткаруу үчүн БШК электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациялоо катары Баткен облусунун Баткен  районунун Самаркандек айылдык кеңешин аныктады.
 
Электрондук добуш берүү электрондук шайлоо бюллетенин пайдалануу жана шайлоочунун эрк-ниетин купуя билдирүүсүн камсыздоо менен добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерлерде добуш берүү дегенди билдирет.
 
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар – Самаркандек айылдык кеңешинин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү электрондук добуш берүүгө катыша алышат”,-деп жазылат маалыматта. 
 
Электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн Баткен облусунун Баткен   районунун Самаркандек айылдык кеңешинин шайлоочулары добуш берүү  күнүнө   чейин  15  календардык   күндөн  кечиктирбестен б.а. 2023-жылдын  24-мартына  чейин   (кошуп  алганда)  мыйзамдарга ылайык идентификациядан жана авторлоштуруудан өтүп, тиешелүү шайлоо   комиссиясына  арыз берүүгө же «Шайлоочунун кабинети» (voter-cabinet.srs.kg) сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүүсү зарыл.
 
Электрондук добуш берүүгө катышуу жөнүндө арыз берген шайлоочу электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилип, электрондук жол менен гана добуш берүүгө катыша алат.
 
Электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочунун төмөнкүлөрү болушу керек:
 
- “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталында колдонуудагы эсепке алынуучу каттоосу;
 
- булут электрондук кол тамгасы;
 
- Интернет түйүнүнө кирүү мүмкүнчүлүгү менен мобилдик түзүлүшү же персоналдык компьютери;
 
- атайын тиркемеси.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter