Товарлардын баасын негизсиз көтөргөндөрдү жазалоо боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
- 19.03.2022, 13:16,
- Экономика / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Депутат Марлен Маматалиев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Мыйзам долбооруна ылайык, базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулаткандыгы үчүн жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 200, (20 миң сом) юридикалык жактарга 10 000 эсептик (1 миллион сом) көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда белгиленгендей, эгерде документти парламент кабыл алып, президент бекитсе, министрлер кабинетине мыйзам долбоорун ишке ашырууга үч ай убакыт берилет.