У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жол эрежесин бузгандарга айыппулдун көлөмү көбөйтүлдү. Мыйзам 8-марттан тарта күчүнө кирет


 Мас абалында унаа айдаган айдоочулар бир жылга, кайталап эреже бузгандар үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Аталган мыйзамга Садыр Жапаров кол коюп, өкмөттүк "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
 
Буга чейин мас абалында унаа айдагандар 17,5 миң сом айып пул төлөшкөн.
 
Жаңы эрежелер 2023-жылдын 8-мартында күчүнө кирет.
 
Жол-кайгуул кызматынан белгилешкендей, мыйзамга өзгөртүүлөр айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана жол кырсыктарын азайтуу максатын көздөйт.
 
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу жаңы талаптар тууралуу билдирди:
 
Жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө — мурда 3 000, эми 5 000 сом;
 
Тиешелүү документсиз унаа айдаса (категория) — мурда 5500 сом болчу, эми 15 000 сом;
 
Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса — мурда 5 500, эми 7 500 сом;
 
Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурда 7 500, эми 15 000 сом;
 
Каршы тилкеге чыгып айдаса — мурда 5500 сом, эми 15 000 сом
 
Унаа бейбаштыгы — мурда 7 500, азыр 15 000 сом. Эреже кайталап бузулса 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;
 
Айдоочу унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажырайт. Мурда айып пул 10 миң сом болчу;
 
Бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат;
 
Мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берчү. Эми 3000 сомдон ашса унаа айып короого токтотулат;
 
Жасалма номер менен унаа айдагандар үчүн айып пул 20 миң сом, кайталап мыйзам бузса бир жылга айдоочулук күбөлүгү жарактан чыгарат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter