У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Раиса Атамбаева Садыр Жапаров менен жолугушуу болгонун тастыктады


Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева фейсбук баракчасына президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди.
 
Буга чейин Садыр Жапаров уулу Рустам Алмазбек Атамбаевдин уулдары менен жолугушууну уюштурууга ортомчулук кылганын билдирген.
 
Раиса Атамбаева чындап эле Рустамдын демилгеси менен мамлекет башчы менен жолугушуу болгонун тастыктады.
 
«Көптөгөн суроолорго байланыштуу айта кетейин, биз президент Садыр Жапаров менен чындап эле анын уулу Рустамдын демилгеси менен жолугушканбыз. Ал чынында эле акылдуу жана боорукер жигит.
 
Бул жолугушууда Алмазбек Шаршеновичти дарыланууга жөнөтүүнү президенттен суранганбыз. Ага Кыргызстанда жасалбаган операция жасалышы керек. Ал дарыланып келгенге чейин мен, Сейид, Кадыр үчөөбүз Алмазбек Шаршеновичтин ордуна түрмөдө отурууга даяр экенибизди айттым. 
 
Буга Садыр Нургожоевич: «Жок, соттор бүтмөйүнчө операцияга, дарыланууга жибере албайбыз», - деди.
 
Бирок Атамбаевге каршы бардык кылмыш иштери боюнча соттор таза жана бардык мыйзамдык нормаларга ылайык өтсө, чыгаан юристтердин айтымында, Кой-Таш окуясы эле кеминде 3-5 жылга созулат.
 
Ал эми ушунча жыл дарыланбай күтүү чындыгында Алмазбек Атамбаевдин диагнозу менен түрмөдө өлүмдү күтүү дегенди эле түшүндүрөт эмеспи. 
 
Экинчи өтүнүчүбүз, Батукаевдин ишин кайра карап чыгуу болду.
 
Баса белгилегим келет, биз кечирим, камактан бошотууну жана башкаларды сураган жокпуз, буга чейин УКМКнын имаратында жабык эшик артында өткөн Батукаевдин иши боюнча ачык соттук териштирүүнү суранганбыз.
 
Атамбаевдин адвокаттары Батукаевдин иши боюнча Жогорку Сотко фактылуу даттануу менен кайрылганын президентке да кабарладык. Соттор чынчыл жана объективдүү чечим чыгарууну чечет да - бул чоң суроо.
 
Биздин жолугушуунун кыскача мазмуну ушундай. 
 
Чакыруу жана диалог үчүн президентке ыраазычылык билдиргим келет, дасторкон үстүндө эки сааттай сүйлөштүк.
 
Жыйындын соңунда президент бул тууралуу эч ким билбеши керектигин  сурангандыктан, бүгүнкү күнгө чейин бул тууралуу эч кимге айткан эмеспиз. 
 
Алмазбек Атамбаев өзү эч кимден эч нерсе сураган эмес, сурабайт. Анын урааны “Ишенбе, коркпо, сураба...”.
 
Азыр эл үчүн да, мамлекет үчүн да оор мезгил, ошондуктан президентке сабырдуулук, акылмандык, эрк каалайм.
 


Пикир калтыруу
  • Rwzdpe
  • 27-11-2022, 19:30
  • : 19:30
    • Нравится
    • 0
buy levofloxacin 250mg pill buy levofloxacin
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter