У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


№61 мектептин окуучуларынын ата-энелери директорлорду конкурс аркылуу дайындоо буйругун жокко чыгарууну талап кылууда


№61 мектептин окуучуларынын ата-энелер тобу мектеп директорлорунун арасында сынак өткөрүү боюнча буйрукту жокко чыгарууну талап кылышууда. 
 
Билим берүү жана илим министрлигинде министрликтин жетекчилиги менен сынакка макул болбогон окуучулардын ата-энелеринин ортосунда жыйын өтүп, анда ата-энелердин бири №61 мектептин директору сыяктуу флагмандарга жекече мамиле кылуу керектигин айтты. Жыйын учурунда ата-энелер “буйрукту жокко чыгаргыла” деп кыйкырышты.
 
Алардын айтканына караганда, №61 мектептин директору Юрий Низовский көп жылдан бери мектепте жетекчи болуп, өзүнүн кесипкөйлүгүн далилдеген, анын билим берүүгө кошкон салымы чоң.
 
Ошондой эле жыйынга катышкандардын бири президенттин жарлыгына жана мектеп директорлоруна сынак өткөрүү жөнүндөгү жобого байланыштуу билим сапаты төмөндөп кетүү коркунучу бар экенин айтты..
 
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жыйынга катышып жаткан ата-энелерди сабырдуулукка чакырды.


Пикир калтыруу
Качан эле Министерство Ата Энелерди укчу эле. Дайыма Ошо Зам Министрлер жаап жашырып,токтотуп коюшат. Эч Бир тыянак жок, каалагандарын кылышат.
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter