У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


№61 мектептин окуучуларынын ата-энелери митингге чыгышты


Бишкекте №61 мектептин окуучуларынын ата-энелери мектеп директорун ордунда калтыруу талабы менен митингге чыгышты. Максим Горький атындагы сейил бакка жүздөн ашуун адам чогулду.
 
«Биз Билим берүү министрлигинен биздин директорубузду ордунда калтырууну талап кылабыз. Юрий Низовский мектепти көп жылдар бою башкарып, өзүнүн кесипкөйлүгүн далилдеди. Алтын сертификаттардын саны жылдан жылга өсүүдө. Мектеп бардык аттестациялардан ийгиликтүү өтөт. Низовский ойдон чыгарылган сынакта кимге дагы эмнени далилдеши керек?», – дешти акциянын катышуучулары.
 
Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышына карата 966 мектепте директорлору алмашышы керек, анткени алар 5 жылдан ашык иштеген. Алар жаңы жетекчилер дайындалганга чейин өз милдеттерин аткара беришет. Сынак Таласта башталып, сынакка катышкан жети талапкердин алтоо белгиленген босогодон өтө алган жок.
 
61-мектептин директору Юрий Низовский бул сынакты кемсинтүү деп эсептеп, сынакка катышуудан баш тартты.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter