У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лейлекте бала бакчанын кызматкери алты баланы сүзүп алды


Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Шумкар” балдар бакчасынын кызматкери 43 жаштагы айдоочу А.А. Hyundai Getz үлгүсүндөгү менчик унаасын бала бакчанын короосуна көлөкө жерге токтотом деп бала бакчада тарбияланып жаткан алты жаш баланы коюп кеткен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, кырсык 15-июль күнү саат 11.30дар чамасында болгон. Кырсыктан эки жаштагы беш бала жана беш жаштагы бир бала жабыркап, Кулунду айылдык ооруканасына жеткирилген. Бир баланын абалы оор болгондуктан Бишкектеги ооруканага алынып келинген.
 
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") 2-бөлүгү ("Этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жүрүшүндө А.А. аттуу жарандын айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталып, унаасы айып короого киргизилген.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter