У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үй алам дегендерди 40 млн сомго алдаган «S-LINE» кооперативинин жетекчиси кармалды


“S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул туурасында Ош шаардык милициядан билдирди.
 
Маалыматка караганда, үй алууга кезекке туруп, убадаланган убакта үй ала албай калган 24 жаран укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.  Арыздын негизинде “S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси 1994-жылы туулган А.Б. кармалган. Жабырлануучуларга келтирилген зыян бүгүнкү күндө 40 млн сомдон ашып жатат.
 
 Азыр ээлеринин айтымында, алар үй алуу үчүн кооперативге адегенде 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын белгиленген пайызды төгүп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген сумма бүгүнкү күндө бир нече миллион сомдон ашкан. Аталган кооператив алдамчылык менен алектенген “Финансылык пирамида” катары иш жүргүзгөнгө шектелип жатат.  
 
Бул факты боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, 210-беренесинде (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, “S-LINE” коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин Түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылган. Ал 2022-жылдын 1-февралына чейин иштеген. 
 
15-март күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан “S-LINE” коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин төрагасы, Бишкек шаарынын тургуну А.Б. кармалып, 48 саатка убактылуу кармаоочу жайга киргизилген.  
 
Учурда тийиштүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter