У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атамбаев Камчыбек Ташиевдин ага жашыруун барганын айтты


Камчыбек Ташиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө жашыруун барган. Атамбаев мындай билдирүүнү Биринчи Май райондук сотунда айтты. 
 
«Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетиши үчүн баарын жасадык. 9-октябрда Жээнбеков кетсин деп митингге чыктык. Ошондо биз чыкпаганыбызда Садыр Жапаров түрмөдө отурмак, Камчыбек Ташиев балким жашырынып жүрмөк. Ал мага Кой-Ташка жашырынып келген»,-деди Атамбаев. 
 
Ошондой эле ал, 5-6-октябрда көчөгө чыккандарды соттоштун кереги жок экенин, тескерисинче, Жапаров менен Ташиев аларга рахмат айтып, дарыланууга каражат бөлүп, жардам көрсөтүшү керектигин кошумчалады.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter