У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Атамбаев: «Садырга жооп. Мени кандай кордосоңор дагы сындыра албайсыңар»


Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровдун Атамбаев тууралуу айтканына жооп жазды. 
 
«Жапаровко жооп...
Президент Садыр Жапаров жакында мен жөнүндө: "Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыӊбы? Сотко бар... Мен соттон качкан эмесмин"»,- деп жазыптыр.
 
Эми жооп бербесем болбой калды окшойт, Садыр иним. Иним дегенге таарынба, кыргыздар кичүүгө ушинтип кайрылат. Буга чейин да мен жөнүндө бир топ ушак сөздөрдү сүйлөдүң эле.
"Атамбаев самолет менен тонналап алтын алып кеткен. Атамбаев кыйнап абактан кекиртегимди кестим. Атамбаев тынч митингге октябрда кол салды. Атамбаев өзүн -өзү тапанчадан жан сакчысына аттырды" жана ушу сыяктуу көп сөздөрдү айттыӊ. Баарына жооп бербей чыдап отургам. Али жаш, ачууга алдырып жатат, адашып жатат деп. Эми бирок президент болдуӊ, уят болот мындан ары да калп айта берсеӊ!
 
Эсимде бар, 2018-жылы мага «Форумга» сенин абаӊ Сабыр келип, сенин ишиӊ жөнүндө бир топ сүйлөшкөнбүз. Караколдогу окуянын майда -чүйдөсүн, сени ошондо кайсы досуӊ алдыга түртүп коюп, анан сатып кеткенин айтып берген. Анда иниӊди колдоп берейин, абактан чыгаралык деп макул болгом. Ошондо Сабыр: «Уруксат бериӊиз, сизди биз митингдерде шыбайлык, Сокеге жагат экен, эптеп инимди абактан чыгаралык»,- деп суранган. Сенин башка колдоочуларыӊ да «Форумга» келип жатты.
 
Соке октябрдагы митингден кийин бийликке кайра келип, кетпейм деп тырышканда да мен элге, тарапташтарыма кайрылгам, кат жөнөткөм «Садырды колдойлук, эптеп Сокени кетирелик»,- деп. Садыр көп кыйынчылык көрдү, баарын түшүндү деп айткам. Акыркы бир жарым жылдан бери да бийликке жаны эле келди, баарын түшүнөт, Кудай туура жолго салат деген үмүтүм бар болчу. Бирок, ал үмүт күндөн- күнгө өчүп баратат. 
 
Садыр иним! Мен соттон качкым келсе, мага биринчи иш козголгондо эле 2018-жылы качып кетмекмин. Ошондо атайын самолет келгенде мен аны менен Москвага учуп барып, досторума рахмат айтып, "мен качып кетсем болбойт, уят болот",- деп, кордук көрүп, камаларымды билсем да кайра Кыргызстанга учуп келгем. А сен болсо, Садыр иним, 2013-жылы Караколдогу чуулганду окуя боюнча иш козголгондо, соттон коркуп, тарапташтарыӊды таштап чет элге качып кеткенсиӊ. Анан мен бийликтен кетээрде 2017-жылы кайра келип соттолуп кеттиӊ. Соттун өкүмүн аягында Жогорку Сот бекиткен. Бирок, мен ага чейин эле кызматты жаӊы президентке өткөрүп кеткем.
 
Сеники да туурадыр, мүмкүн сага коюлган киненин баары жалгандыр. Мен өзүм да көрдүм прокурор, соттордун адилетсиздигин, бети жоктугун! Анда ошо кездеги сени соттогон прокурор, следователь, сотторду бийлик өз колуӊда турганда териштир да! Сени 11 жылга абакка кескен райсот Каипов мага да дал ошондой өкүм чыгарбадыбы! Күлкүң да келет, ойлосоӊ! Ошондон баштабайсыӊбы туура эмес кесилген болсоӊ?
 
Мен соттон качкан жокмун. Мен ден соолугума байланыштуу отурумду мен жок эле өткөргүлө деп сотко ар бир жолу арыз жазып берип жатам. Анын үстүнө прецедент бар. Батукаевдин иши Шаардык сотто жана Жогорку сотто мен жокто эле каралып, чечим чыгарылган. Соке кезинде да сенин кезиӊде да, Садыр иним. Башка сотторду деле ошентип эле өткөрө бергиле да? Мен сурак берип же сотко барганда деле эчтеке өзгөрбөйт, анткени бир да суроого буга чейин жооп бере элекмин жана жооп да бербейм. Протоколдорду кара, ишенбесеӊ. Ансыз деле сен мени 11 жылга абакка кестирдиӊ. Менин жашымда бул деген ПЛС - пожизненное лишение свободы - дегенге барабар. Бирок, баары бир мени дагы эле кордогуӊ келет окшойт, абакта да тынч койбой!..
 
Садыр иним! Кыргызда - уялбагандан өзүӊ уял деген сөз бар. Сен уялбасаӊ мен уялып жатам акыркы сенин жооруктарыӊа. Мени карда жылаӊайлак сүйрөп жүргөн офицерлер, аны карап турган бир топ плацтагы адамдар уялып, жер карашып жүрөт азырга чейин. Буйрук түздөн -түз Садырдан келген деп шыбырашат мага...   
 
Баарыӊар билип алгыла! Мени кандай кордосоӊор да баары бир сындыра албайсыӊар! Мен башкаларга окшоп арыз жазбайм ырайым сурап. Ырайымды күнөөсүн мойнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары теӊ чындыкка дал келбейт. Высосаны из пальца, орусча айтканда. Мезгил аны далилдейт.  Мага жашоодон да намыс артык. Абактан өлсөм да, өз жеримде, Кыргызстанда өлөм. Элим узатып коет акыркы сапарга...
 
Садыр иним! Эртели- кечпи бир күнү баарыбыз элдин, тарыхтын, Кудайдын сотунда жооп беребиз! Ошондон коркуш керек…
 
Сен абактан демократия деп кыйкырып, бийликке келгенде эле дароо кокон хандыгын куруп баштадыӊ. Түркменияда убагында түркменбашы болсо бизге эми кыргызбашы болгуӊ бар. Бирок, биздин эл башка. Элибиз бардык кыйынчылыкка чыдайт, бирок адилетсиздикке, зулумдукка чыдабайт. Ошону унутпа, Садыр иним! Сокеге окшоп мага асылбай, күчүңдү мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумша. Чек ара, жакырчылык, жана башка проблемалар толтура. Элди алдайм дегендер өздөрү алданат! Мөөнөтүң көрөалбастык, өч алуу, майда -чүйдө иштер менен билинбей өтуп кетпесин.  Алдыӊда далай максат турат. Майдаланба. Президент айкөл болуш керек. Бул жалган дүйнөгө алданба. Жараткан сага туура жол көрсөтсүн, жардам берсин! Элибизге, жерибизге ынтымак, берекет берсин!!!!
А. Атамбаев  



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter