У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Атамбаев: 5- октябрда эл чыкпаса Жээнбеков бийликтен кетет беле? Садыр дагы деле түрмөдө отурмак

     Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча соттук отурумду улантууда.
 
Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов сотко алынып келинди.
 
Алмазбек Атамбаев аны симулянт катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышканын айтып, ал соттук отурумга катышуудан баш тартып, айнекти тепкилеп баштады. Сот тартип бузганы үчүн Атамбаевди сот залынан чыгарды.
 
«Мен колониянын жетекчилигине, башкы дарыгерге толук текшерүүдөн өтүшүм керек деп арыз менен кайрылгам. Мага абактан же бир чиновниктин бөлмөсүндө беш киши чогулуп, текшерүүдөн өткөргөнү уят да. Бул болуп жаткан сот позор! 
5-9-октябрда эл чыкпаса Жээнбеков кетет беле? Садыр дагы деле түрмөдө отурмак. Октябрда бийликке каршы чыккан балдарга рахмат айтыш керек. Жээнбеков Садырды сүйүп бийликти берген жок да, ал корконунан бийликтен кетти. Бул жерде башкалар отуруш керек. Кыргызстанда мындай акыйкатсыз бийлик болгон эмес. Жапаров өзүн бийликке алып келгендерди бүгүн соттоп жатат. Уят!»,-деди Атамбаев. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter